Grow your YouTube views, likes and subscribers for free
Get Free YouTube Subscribers, Views and Likes

СУЗАК ЖОЛУН КЕҢЕЙТҮҮ ИШТЕРИНДЕГИ НААРАЗЫЧЫЛЫК

Follow
Телеканал Регион

Максимохан Ахмедованын турак жайынын тосмолору анын каршылыктарына карабай буздурулуп жатат. Ага короосунан 56 метр жолго бошотуп берүү талабы коюлган. Үй ээлери мындайда жеринин аянты кыскарып кетет деп кабатырланууда.
Долбоорго ылайык, алынган жер тилкеге аялдама куруу пландалган. Ага Ахмедовалардын үйбүлөсү менен биргеликте кошуналары дагы макул эмес. Алар аялдаманы мурдагы ордунан бул жерге жылдырууну негизсиз деп эсептешет.
Куруучулар болсо долбоордо көрсөтулгөн план боюнча гана жумуш болуп жатканын, курулуштарды сүрдүрүү иштерин жергиликтүү бийлик тарабынан аткарылып жатканын билдирди. Ал эми Сузак айыл өкмөтүнүн орун басары Арапбай Жумабаев аялдаманын эски ордунан жылдырылышы боюнча комментарий берүүдөн карманды.
Белгилей кетсек, ЖалалАбадКараДарыя багытындагы жол реконструкциядан өтүп жатат. Аталган жол Барпы жана Сузак айыл өкмөттөрүнун аймагына кирет. Долбоорго ылайык, жалпы 5 жарым чакырым жол кеңейтилет жана жаңыдан асфальт төшөлөт.Мында тратуар, аялдама, латок, жарыктандыруу, электр мамычалар эске алынган. Ошондой эле Сузактын борборуна жер астынан жана жер үстүнөн жөө жүргүнчүүлөр үчүн көпүрө салынат. Муну менен жол тыгынын жоюу максатталган.

Официальный сайт: https://regiontv.kg
REGION TV @ Instagram   / regiontvkg  
REGION TV @ Facebook   / regiontvkg  
REGION TV @ Одноклассники https://ok.ru/region.kyrgyzstan

posted by valentirqzgy